super.kg logo
  Саясат  

Стратегиялык ишканалардын ишинин себепсиз токтотулушуна бөгөт коюуга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленген стратегиялык ишканалардын ишинин себепсиз токтотулушуна бөгөт коюуга багытталган “КР Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Талкууда Текебаев мыйзам жоболорун бузган жактарга карата 12 жыл эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралганын, стратегиялык ишканалардын катарына менчик түрүнө карабастан өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 2 пайыздан ашык бөлүгүн түзгөн ишканалар кире турганын билдирди.

Стратегиялык маанидеги ишканалардын үзгүлтүксүз иштеп туруусу мамлекеттеги туруктуулуктун сакталышы, калк турмушунун жакшыруусу менен тыгыз байланышкан. Мындай ишканалар кошумча жумушчу орундарын гана түзбөстөн, өлкө бюджетинин ырааттуу толукталуусун камсыз кылат. Мисалы, Кумтөр кенин иштеткен компания ишти токтотуп коюп саботаж жана шантаж кылууга акысы жок,- дейт Текебаев.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: