super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Жагабы, жакпайбы, азыркы 120 депутаттан тың чыкмасы жок, кийинки шайлоодо деле ушуга окшогондор парламентке келет”

 

"Кыргызстанга 120 депутат" көп деген пикирлер туура эмес. Муну парламент депутаты Өмүрбек Текебаев 11-сентябрдагы “Парламент” радиосундагы маегинде билдирди. Текебаев депутаттардын саны анчалык мааниге ээ эмес деп эсептейт. “Азыр серепчи, саясат таануучумун дегендер дайыма үстүртөн ой жүгүртүшөт, терең иликтешпейт. Илимдин доктору деле "120 депутат көп, 70 кылыш керек" деп чыгат. Орусияда "500 депутат көп, 200гө түшүрөлү" деп эч ким айтпайт. Чыгым кетирем десе 30 депутат деле кетирип коёт. Дүйнө өлкөлөрүнүн 90 пайызынын парламенти 100дөн ашык өкүлдөн турат. Бул депутаттар жагабы, жакпайбы, булардан башка тың чыкмалар жок, кийинки чакырылышта деле ушуга окшогондор келишет. Анткени коомдун аң-сезимдик деңгээли ушундай. Чынын айтканда, жаңы келген депутаттар 4 жылда көп нерсе үйрөнүштү, эбегейсиз тажрыйба топтошту. Жумуш боюнча чет өлкөгө кеминде 10 жолудан чыгып келишти. Бул – чоң байлык. Эгер депутат болбой калышса, айыл өкмөт башчы болуп майын чыгара иштей турган деңгээлге жетишти”,- деди Текебаев.

"Менин бир катам -  Конституция түзүп жатканда, дүйнөлүк тажрыйбада жок экенине карабай “бир депутаттын чыгымы мынча сомдон ашпайт” деп жазып койсом болмок экен. Чыгымды азайтууга аракет кылдык, бирок депутаттар парламентке келип алгандан кийин макул болушпайт экен”,- деп кошумчалады депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: