super.kg logo

Бек Борбиевди "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратуу талабы менен коомдук активист нааразылык акциясына чыкты

 
Укук коргоочу, активист Өндүрүш Токтонасыров
Ырчы Бек Борбиев

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында активист Өндүрүш Токтонасыров ырчы Бек Борбиевди "КРнын Эмгек сиңирген артисти" жана "Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты" наамдарынан ажыратуу талабы менен акцияга чыкканын SUPER.KG порталына билдирди.

Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Бек Борбиев Курманбек Бакиевдин мааракесине Беларуска барып ырдап келгендиктен, ал - кылмышкер.

“Чыккынчы айыпталууга тийиш!” деп жазылган плакат менен акцияга чыккан активист: “1-августта Бек Борбиевдин кылмышкер деген атка конгон Курманбек Бакиевдин 65 жылдык юбилейине Беларуска барып ырдап келгени - чыккынчылык. Жеке чакырык менен барганда да ал Кыргыз Республикасынын атынан барды да. Бул - кылмыш. Жоопкерчилик, этика деген кайда? 2010-жылы көтөрүлүштө каза болгон балдардын арбагын сыйлабайбы?! Анын барып ырдап келгенин массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алар эл үчүн кызмат кылып жаткандыктан, мен ишенем. Эгер алардын билдиргени жалган болсо, маалымат жыйын өткөрүп, айткандарды төгүнгө чыгармак. Андан ардактуу наамдарды алып салсын”,- дейт.

Ошондой эле активист Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жарытарлык жооп уга албаганына кейип: “Башкаруунун жоктугуна дагы бир ирет ынандым. Башы жок бака, көзү жок көгөн болуп калыптырбыз. Маданият министрлигинен үстүртөдөн "жеке чакырык менен барса барыптыр, мен бул суроого жооптуу эмесмин, билбейм" деген жоопторду уктум. Маданият адамдары, качан туура эмес кадамдарды жасоону токтотобуз?”- деп кошумчалады өз сөзүндө. 

Ал эми ырчы Бек Борбиев бул тууралуу: “Мен каякка барып ырдайм, өзүмдүн эрким, эч кимге отчёт берүүгө милдеттүү эмесмин. Мен түрмөлөрдө кылмышкерлердин алдында ырдагам. Өнөр күйөрмандарды тандабайт. Ыр сүйүүчүлөрү өзүлөрү тандашат, кимди угат, кимди укпайт”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(134)
11.09.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бек туптуура айтыптыр!
11.09.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sarabanda, Бек мырза туура айткан озу билет кандай кылышты. Өндүрүш Токтонасыров озуно озу чыккынчы болуп жатат же кимдир биро каржылайт, асылбаганы Бек эле калды эле.
11.09.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Sarabanda, туура айтып кыйратыптыр! кайсы бети менен барды!? ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 12.09.2014 10:41
11.09.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
RIO.., Бек озу билет сен эле калдын эле аралашпаган
11.09.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
RIO.., катуу кетпениз!!!
12.09.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RIO., Doctor - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт. Дагы кайталанса узак убакытка сайттан четтетилесиңер.
11.09.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бизде бири-бирин коро албаган адамдар коп ушуну да коро албай акцияга чыканын уят эле.
11.09.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
эээ бакиевдин арты менен ушуга окшогон расул-мрасул дегендер жакшы эле байлык,сыйлык топтошту го. орусча айтканда бакиевдерге "должник" да
11.09.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
motomoto, Бакиевдин куносу жок Бек байкенин дагы 7 апрелди кылгандар ак уйдо отурушат ака жеп койуп коргондой айтып койдунго Бакиев деп
11.09.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Асмандан акча жасагандардан окшойт бул аксакал...
11.09.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ондуруш алтымышка чыкканда пикетке чыккандан уялбайсынбы же сенин кесибинби пикет
11.09.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ал киши пикет болбой калганына зееригип,бир шылтоо тапкангоо
11.09.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
бек туура айтыптыр.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: