"Бишкек шаарынын тургунун тоногон" деп шектелген жаран кармалды
"Бишкек шаарынын тургунун тоногон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 29 жаштагы Гүлмира аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнө кирип, коркутуп сумкасындагы акчасын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда анын 21 жаштагы Исламбек аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.