super.kg logo

Гүлнара Каримовага уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголду

 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 8-сентябрда "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деп шектелген Р.Мадумаров, Г.Авакян жана Н.Содиковдун иши боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыктарын расмий сайтына жайгаштырды. 

Маалыматка караганда, аты аталган жарандар 2011-2013-жылдары ишкерликке жамынуу менен көз боёмочулук, алдоо жана жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз аракеттерди жасап, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен. 

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мамлекеттик активдердин баасын жасалма түрдө ылдыйлатуу жана башка ыкмалар менен «Узбекистон хаво йуллари» Улуттук авиакомпаниясынын 5,5 миллиард сум, «Coca Cola Ichimligi Uzbekiston Ltd.» компаниясынын 11,9 миллиард сум, «Ферганский НПЗ» ишканасынын 40,1 миллиард сумдук өлчөмдөгү активдерин ээлеп алышкан.

2014-жылдын 24-майында Р.Мадумаров, Г.Авакяндын иши боюнча соттук отурум орун алып, аларды сот күнөөлүү деп тапкан. Ал эми иштин бир бөлүгү, анын ичинде Гүлнара Каримовга байланышкан иш бөлүнүп, кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 457 миллиард сум зыян келтирилгени аныкталган.

Өзбекстандын президентинин кызы Гүлнара Каримовага карата козголгон кылмыш иши сотко качан өткөрүлөрү жана фигуранттарды канча жылдык жаза күтүп турганы тууралуу маалымат жок. Президенттин кызы өзү жаздырган кабарларда ал дагы эле үй камагында отурганы айтылат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
11.09.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
каримов президентке татыктуу адам мандаттына кыянат кылбаганы корунуп турат
12.09.2014. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай татыктуу элге ушундай законду кучтуу кармаган эл башчы келет экен ээ биздикилер сабак алышса болот экен
12.09.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сагаааааа... ушундай олко башчы керекда бизге
12.09.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Каримов.
12.09.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тартип бар жерде закон иштейт. Каримов адилеттуулук кылыптыр, таза киши экен, болбосо оз канынан жаралган кызын соттоп коймок беле? Биздин бийлик сабак алышы керек экен Каримовдон.
12.09.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз канынан жаралган кызы озуно каршы чыкса ким соттобойт?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: