super.kg logo
  Саясат  

Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын IX жыйыны аяктады (фото)

 
Казакстандын Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын IX жыйыны аяктады. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын Жогорку Сотторунун төрагалары катышты. Кыргызстандык делегациянын курамына Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Соттун судьясы Жамалкан Исакова, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов кирген. Маалыматка таянсак, жыйындын алкагында тараптар соттордун ишмердүүлүгүнө баа берүү, судьяларды тандоо жана дайындоо, сот адилеттүүлүгү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу темаларын талкуулашты. 
Жыйын соңунда Жогорку Соттун төрагалары адамдардын укугун коргоодо өз ара кызматташууну жана өнөктөштүктү бекемдөө боюнча биргелешкен документке кол коюшту. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: