Кант шаарынын 20 жаштагы тургуну "жердешин бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө
Кант шаарынын 20 жаштагы тургуну "43 жаштагы жаранды бычактап өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 5-сентябрь күнү Кант шаарынын унаа жолунун жээгинен бычактан алган жараатынан улам каза болгон жарандын жансыз денеси табылган. Аталган окуя боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Кант шаарынын тургуну кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, 5-сентябрь күнү кылмышка шектүү адам 43 жаштагы Кант шаарынын тургуну менен уруша кетип, бычактап өлтүрүп салган.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.