super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ниязалиева Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын бир катар көйгөйлөрүн атады

 

Депутат Дамира Ниязалиева бүгүн, 12-сентябрда кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын жыйынында Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттарын социалдык жактан камсыздандыруу маселелерине байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү жарыя кылды.

Эмгек мигранттарын социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери өтө курч турганын баса белгиледи. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн эки тараптуу макулдашуунун корутундусу талап кылынат. Ошондой эле депутат мигранттардын балдарынын орто билимге жетимдүүлүк маселесин да эске салды.

Айтымында, бул маселе эки өлкөнүн билим берүү министрлеринин жакында болгон жолугушуусунан кийин жөнгө салына баштады. 2013-жылдын 1-декабрына карата Казакстандын миграция органдарында Кыргызстандын 85 миң жараны катталганын айтат ал. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп калган келишимдик базанын бар экенине карабастан, миграция жүрүмүнө тийиштүү бир катар маселелер турат. Эки өлкөнүн парламентчилеринин бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иш-аракетине ишеним артабыз,- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: