super.kg logo

"Түптө айдоочудан пара талап кылган" деп шектелген Жол-кайгуул кызматынын инспекторунун иши сотко өткөрүлдү

 

"Түптө айдоочудан пара талап кылган" деп шектелип жаткан Жол-кайгуул кызматынын инспектору боюнча кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди. 

Эске салсак, 6-июлда Ысык-Көл облусунда жол-кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара бербеген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Түп районунун жол-кайгуул кызматкери Жыргалбек Саманов тосуп, маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди "спирт ичимдигин ичкен" деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын атайын токтотуучу жайга токтотуп койгону айтылган.

Бул боюнча коомчулукта кызуу талкуу жаралып, 7-июлда Түп районундагы ОшМУнун студенттери менен келе жаткан айдоочудан жол-кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча кызматтык иликтөө башталып, Жол-кайгуул кызматынын кызматкери Бишкекке чакырылып, кызматтан четтетилген соң анын күбөлүгү жана төш белгиси алынган. Кийин бул факт боюнча "кызмат абалынан пайдалануу" жана "пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.  

Аталган район боюнча Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору Мурат Жумабаев 7-июлда SUPER.KG порталына студенттер менен келе жаткан айдоочудан пара алуу фактысы боюнча маалыматы жок экенин айтып, эреже бузган айдоочунун иши сотто караларын билдирген болчу.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.09.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотто акталат коросунорго. Айдоочу 10жылга айдоо укугунан ажырайт.
12.09.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотто акталса азыркы бийлик кандай бийлик и кандай иштешеерин билдирет бир харам тамак келесоо баардык бийликтегилерге жана озунун кесип тештерине соз тийгизет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: