Чүй районунда "30 жаштагы жаран 6 жаштагы кызды зордуктаган" деп шектелип кармалды
Чүй районунда "30 жаштагы жаран 6 жаштагы кызды зордуктаган" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 36 жаштагы Нурзат аттуу айым кайрылган. Анда ал 7-сентябрь күнү 6 жаштагы кызын Бактияр аттуу жаран зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын жыйынтыгында кылмышка шектелип 30 жаштагы Бактияр кармалган.
Кыздын апасынын айтымында, ошол күнү жолдошу Асылбек менен коңшусу Бактияр спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң кыздын атасы уктап калган. Бул учурда коңшусу Бактияр башка бөлмөдө уктап жаткан 6 жаштагы кызын зордуктап, из жашырып кеткен.
Ал эми соттук-медициналык экспертиза кыздын зордукталганын аныктады.

Эмоцияларды кармаңыз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
Тырмактай кыздын келечегине журогум ооруп турат. Ичкен атага ишенбей апалар да балдарынарга жакшылап конул бургулачы...
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
Сунушуңузга рахмат!