super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте депутаттар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөөнү талкуулашты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 12-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай саясий консультативдик кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ян Дуолян менен жолугушту. Иманалиев Кыргызстан менен Кытайды жакын коңшулук мамилелерге негизделген тарыхый жана маданий алакалар байланыштырып турганын баса белгиледи. “Биздин өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери 22 жыл өттү. Эки тараптуу мамилелер ырааттуу өсүп барат, биздин мамлекеттердин ортосунда саясий талаш-тартыштар жок. Кыргызстан менен Кытай башчыларынын иш сапар алмашуусу кыргыз-кытай кызматташтыгына жаңы дем берди,- деп белгилеп, ал Кыргызстанда бир катар биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылуу менен Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр чордону жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолу курулуп жатканын эске салды.

Ян Дуолян эки өлкө ортосунда жылуу достук мамиле түзүлгөнүн баса белгиледи. Экономика тармагында гана эмес, маданий-гуманитардык багытта да эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жана тереңдеп барат,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: