super.kg logo

Бишкекте Кыргыз Эл сүрөтчүсү Виктор Сырневдин “Бишкек, мен сенин чебериңмин” аттуу көргөзмөсү ачылат

 

16-сентябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, зергер Виктор Сырневдин эмгектери “Бишкек, мен сенин чебериңмин” аталышындагы көргөзмөгө коюлат.

Аталган музейден билдиргендей, көргөзмөдө сүрөтчүнүн позициясы көрсөтүлөт жана ал Бишкек шаарынын күнүнө арналат.

Виктор Сырнев өзү тууралуу: “Мен шаар тургунумун. Эбегейсиз чоң заводдорго толгон Екатеринбург шаарында чоңойдум. Индустриялык пейзаж табигый жаратылыштын кооздугун кысып салды. Табигат менен баарлашуу жетишпегени өздүк экинчи жаратылышты жаратканга себепкер болду. Ошондуктан мени асманда каалгыган булуттар, учкан куштардын тобу жана үйүр жылкылар өзүнө тартат болуш керек. Мен булардан жашоонун ыргагын, анын тамырынын согушун сезем. Бишкекти курчап турган тоолор өзүнүн энергиясы менен азыктандырат жана чыгармачыл мейкиндигимди коргоп келет. Мына ушул табигат стихияларынан кызыктырган сюжеттер жаралат”,- дейт. 

Белгилей кетсек, 1986-1990-жылдары Виктор Сырневдин Бишкектеги Бакыт үйүнө жасаган асма шамы платиналык байгеге, ал эми "Ханыша" шакеги жана "Анастасия" зер буюму алтын медалга ээ болгон.

Көргөзмө 30-сентябрга чейин уланат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: