super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы оппозиция коңшу өлкөлөрдүн президенттерине кайрылуу жөнөттү

 

Кыргызстандагы Улуттук оппозициялык кыймыл коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекет башчыларына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда кыймылдын катчылыгы билдирди.

Кыймыл президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөп жатып, коңшу мамлекеттердин дарегине карата айткан сынын кескин түрдө айыптайт. Кайрылууда оппозициянын сырттан эч кандай жардам албай турганы айтылат.  

"Улуттук оппозициялык кыймыл Атамбаевдин далилсиз айыптоосун кескин түрдө четке кагат жана сырттан эч качан каржылык жардам албаганын баса белгилейт. А.Атамбаевдин коңшу мамлекеттердин лидерлерине "Кыргызстандын ички ишине кийлигишип, саясий стабилдүүлүккө доо кетирүүдө" деген шек саноосу стратегиялык өнөктөштөр ортосундагы кызматташууга терс таасирин тийгизери анык. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” дегендей, УОК коңшу өлкөлөр менен болгон экономикалык жана саясий кызматташууну Кыргызстандын тышкы саясатындагы эң башкы приоритеттүү багыты деп эсептейт" деп айтылат.

Айта кетсек, Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаев түштүктөгү газдын өчүрүлүшүн "өлкөнү туруксуздаштыруу аракети"  деп атап, буга айрым саясатчылар кызыкдар экенин айткан эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: