super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев бажы, салык пландарын аткарбаган кызматкерлерге катуу чара көрүү тапшырмасын берди

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 12-сентябрда 2014-жылдын 8 айында мамлекеттик бюджеттин кирише бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Отурумга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Замирбек Осмонов, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 
Жоомарт Оторбаев бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын жеке көзөмөлүнө алганын, буга байланыштуу ай сайын кеңешме өткөрүп жатканын, Салык, Бажы кызматтарынын иш жыйынтыгы тыкыр көзөмөлдө экенин белгиледи. "Алдын ала көрүлгөн катуу чаралар, ишин эптей албаган кызматкерлерди ишинен алуунун жыйынтыктары жакшы натыйжа берди. Ушул жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгү Салык, Бажы кызматтары менен бирге бюджеттин киреше бөлүгү 300 миллион сомго ашык аткарылган. Август айынын жыйынтыгы менен 100 миллион сомго ашык аткарылды",- деди өкмөт башчы. 
Отурум аягында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисине мекеменин ишин оптимизациялоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: