super.kg logo

Жылнаама, 13-сентябрь: Мындан 15 жыл мурун Москванын Кашир кан жолунда жайгашкан көп кабаттуу үйдө террордук жардыруу болгон

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 13-саммити башталган. Бул маанилүү иш-чараны 300дөн ашык чет элдик, 100дөй жергиликтүү журналист чагылдырышкан.
 
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы АКШда “Битлз” тобунун “Уesterday” ыры жарыкка чыккан. Ырдын автору Пол Маккартни болгон. Ыр тез убакыттын ичинде хитке айланып, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн хит-параддарында узак убакыт биринчиликти бербей келген.
* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы орусиялык ырчы Ираклий Пирцхалава Москвада туулган. Ираклий 16 жашында эң алгачкы ырын жаздырып, ал эми 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында "Тет-а-тет" тобунда ырдаган. Ырчы 2003-жылы "Фабрика звёзд" музыкалык долбооруна катышып, ошондон улам анын атактуулугу арта баштаган. Ошол убакта Ираклий Пирцхалаванын "Вова-чума", "Лондон-Париж", "Время" аттуу ырлары хитке айланып, 2004-жылы "Лондон-Париж", 2005-жылы "Капли абсента" ырлары үчүн "Алтын граммофон" сыйлыгына ээ болгон.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Москванын Кашир кан жолунда жайгашкан көп кабаттуу үйдө террордук жардыруу болгон. Жер төлөдө болгон жардыруудан кыштан салынган 8 кабат үй толугу менен талкаланган жана 124 киши каза болуп, 7 киши ар кандай жараат алган.
13-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: