super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын ички аудит кызматтарынын адистерин окутту

 

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Көп тараптуу трасттык фонддун “Мамлекеттик финансыны башкаруудагы потенциалды өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көлдө мамлекеттик органдардын ички аудит кызматтарынын адистери үчүн тренингдерди өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 2014-жылдын 8-9-сентябрында “Бюджеттик мекемелердин финансылык отчётторун эсепке алуу жана талдоо” деген темада тренинг өтүп, ага 55 адам катышты. 2014-жылдын 10-12-сентябрында “Мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити” деген темада тренинг болуп, ага 69 адам катышты.

Тренингдердин жыйынтыгы боюнча туруктуу негизде ички аудит кызматтарынын адистерин андан ары окутуу жана кайра даярдоо үчүн потенциалдуу тренерлер аныкталат. 2014-жылдын 15-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин окуу борборунда болочоктогу тренерлер окутулат.

Аталган тренингдерге мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен тышкары Кыргызстандын алдынкы жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: