Баткенде каналга чөгүп кеткен тургундун денеси табылып, туугандарына берилди
Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынын Кара участкасындагы Төрт-Гүл суу сактагычына куюучу каналга чөгүп кеткен тургундун денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 10:00 чамасында 1976-жылы туулган Нурланбек Жусупов агып кеткен. Н.Жусупов үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал каналга барып агып кеткен.
Каналга келүүчү суу токтотулуп, ӨКМнын №3-издөө-куткаруу отрядынан 17 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшүп, Н.Жусуповдун денесин таап, туугандарына өткөрүп беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
a.akylbekov

15.09.2014. 09:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суу бурганы эмес, каналга насос таштап огородун суугарып келген. Эрте менен ошол насосту суудан чыгарып коем деп, буту тайып жыгылып каналга агып кеткен.........
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.