super.kg logo

Бишкекте дүлөй жана азиз адамдар үчүн машыгуу залы ачылды (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун имаратында тренажёрдук залдын ачылышы болду.
Иш-чарага Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакунов катышты.
Калык Мамбетакунов: “Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунда 10 200 адам катталган. Алардын ичинен 5600 адам - азиздер, 4500 адам - дүлөйлөр. Бул борбор Кыргызстандагы Швейцариянын ыйгарым укуктуу элчиси Рейн Холенштайндын жардамы менен ачылды. Аны ачууга 626 миң сомго офтальмологиялык, сурдологиялык жана тренажёрдук жабдуулар алынды. Бул борбордун максаты - биздин коомдун мүчөлөрүнүн ден соолугун тез-тез текшерүү”.
Калык Мамбетакуновдун айтымында, буга чейин жаш жана улуу майыптар машыгууну каалап жатканын билдирип келишкен. “Бул борбордо алар жана алардын туугандары каалаганча акысыз машыга алышат. Албетте, азиздер жана дүлөйлөр алдын ала сөзсүз түрдө дарыгерлерден текшерүүдөн өтүшү зарыл, анткени физикалык оордук алардын ден соолугун начарлатып коюшу да мүмкүн”,- деп кошумчалады К.Мамбетакунов.
Бул иш-чарага Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Майыптарга ушундай нерселер алынып берилди.

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун имаратында машыгуучу залдын ачылышы болуп өттү.

Иш-чарада аталган уюмдун жетекчиси Калык Мамбетакунов: “Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунда 10 200 адам катталган. Алардын ичинен 5600 адам - азиздер, 4500 адам - дүлөйлөр. Бул борбор Кыргызстандагы Швейцариянын ыйгарым укуктуу элчиси Рейн Холенштайндын жардамы менен ачылды. Аны ачууга 626 миң сомго офтальмологиялык, сурдологиялык жана машыга турган жабдуулар алынды. Бул борбордун максаты - биздин коомдун мүчөлөрүнүн ден соолугун тез-тез текшерүү”,- деди.

Ал буга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер машыгууну тилек кылып жатканын билдиргенин айтты. “Бул борбордо алар жана алардын туугандары каалаганча акысыз машыга алышат. Албетте, азиздер жана дүлөйлөр алдын ала сөзсүз түрдө дарыгерлерден текшерүүдөн өтүшү зарыл, анткени физикалык оордук алардын ден соолугун начарлатып коюшу да мүмкүн”,- деп кошумчалады К.Мамбетакунов. Ошондой эле мындай жабдуулар Дүлөйлөр жана азиздер коомуна биринчи жолу келип жатканын баса белгиледи.

Ал эми угуусу начар айым Танзиля Хамитова өз кубанычын коюнуна батыра албай журналисттер менен маек кура баштады. “Мен жаш кезимден бери майыпмын. 1970-жылдан бери Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү болуп саналам. Машыгуучу зал жана офтальмологиялык борбордун ачылышына абдан ыраазымын. Эми ушул жакка келип машыгып турам”,- деди ал.






Бишкекте дүлөй жана азиздердин машыгуу залы ачылды

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.09.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ен жакшы
SUPER.KG видео
19.09.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча тушунбогондорго кандай диогноз коюп беришет. Булар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: