super.kg logo
  Саясат  

ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонбоо сунушталып, комитетте 1-окуудан өттү

 

Кыргызстанда ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонуу жайылтылбастыгы демилгеленүүдө. Бул багыттагы мыйзам долбоору бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында каралды.

Маалыматка ылайык, Жогорку Нарын ГЭС каскады сындуу ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарды куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонуу жайылтылбайт. Себеби чоң-чоң ГЭСтерди куруу мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү камсыздоого багытталары айтылууда. Тармактык комитеттин депутаттары мындай жагдайда жеке менчик жер тилкелерине болгон мамилени такташты. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, жерлерине ГЭС курулган жарандарга башка жактан жер бөлүү жагы Жер кодекси менен Жарандык кодексте белгиленген.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен жалпы депутаттардын талкуусуна сунуштоо чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: