super.kg logo

Жалал-Абад облусунда Кара-Булак суусунун жээктерин бекемдөө боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар катталган

 

Жалал-Абад облусунда Кара-Булак суусунун жээктерин бекемдөө боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын июнь айында №6-өндүрүштүк сызыктуу автожол башкармалыгынын кызмат адамдары жээктерди бекемдөө боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузууларга барышкан. Тендерге катышуу арызын “Авангард и Ко” ишканасы гана жолдогон. Бирок аталган башкармалыктын кызмат адамдары тарабынан “Авангард и Ко” жеңүүчү аталып, республикалык казынадан акча бөлүнгөн.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө жээктерди бекемдөө иштери сапатсыз жүргүзүлгөнү аныкталган.

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “шалаакылык”, “ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: