super.kg logo
  Саясат  

Германиянын канцлери Ангела Меркель “Кыргызстан - авторитардык режимди жеңе алган Орто Азиядагы намыскөй өлкө” дептир

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев:Германиянын канцлери Ангела Меркель "Кыргызстан - авторитардык режимди жеңе алган Орто Азиядагы намыскөй өлкө" деп белгиледи”,- деп билдирди. Элчинин айтымында, Германия Кыргызстанга 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өтө маани берип келет.

Меркель өткөн жылы Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун Герман экономикалык Чыгыш комитетинин 60 жылдыгында сүйлөп жатып “Орто Азия боюнча Кыргызстан - авторитардык режимди жеңе алган намыскөй өлкө. Кичинекей мамлекет болгонуна карабастан, демократия жолун тандап алып, парламенттик республиканы түптөдү” деп айтты. Меркелдин трибунадан туруп ушинтип айтканы бизди кубандырат”,- деди Отунбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: