super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев жол коопсуздугу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду

 
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жол кыймылынын коопсуздугу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Муну депутат бүгүн, 15-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. "Менин кайрылуума көп жылдан бери жакшы жагына өзгөрбөй жаткан жол кыймылынын коопсуздугу тармагындагы кырдаал себеп болду. 2014-жылдын августунда "Жол кыймылы жөнүндө" жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, жол кыймылын бузгандарга айып пул жогорулады, айдоочулук күбөлүктү өз алдынча даярданып алуу процедурасы токтотулду жана башка... Жол-кайгуул кызматкерлери мурункудай эле пара талап кылышууда. Мыйзам баарына бирдей иштебей жатат" деп башталган кайрылууда мыйзамдын туура аткарылбай жатышына бир катар себептер аталат. Анын ичинде автоунаалардагы кызматтык номурлар, укук коргоо кызматкерлерине жана алардын жакындарына берилген артыкчылыктар, айрым укук коргоо кызматкерлеринин үстүнөн көзөмөлдүн жоктугу жана башкалар бар. Муну менен катар бир катар сунуштар айтылды. 
"Буга байланыштуу сизден айтылган сунуштарды ишке ашырууну өкмөткө тапшырууну суранам" деп аяктайт кайрылуу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: