Каржы министрлиги: 2014-жылдын 8 айында үлүштүк гранттардын эсебинен 208 долбоор каржыланды
Каржы министрлиги 2014-жылдын январь-август айларында үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлордун каржыланышы тууралуу маалымат берди. Маалыматка таянсак, 2014-жылга "дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча 400 миллион 781 миң сом каралган. 2014-жылдын 1-сентябрына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 208 долбоорду 142 миллион 781 миң сомго каржылоо, анын ичинде 76 долбоорду 18 миллион 778 миң сом суммасында толугу менен каржылоо аяктаганын билдирет министрлик.
Автор: Автандил Добулбеков
"КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июнундагы №462-токтому менен бекитилген үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген отчёттордон көз каранды болгондуктан, үлүштүк грант отчёт берилгенден кийин долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет" деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

