Өлкө башчы Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти Ахмад аль-Фахад аль-Сабахты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 15-сентябрда Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти, Азия олимпиадалык кеңешинин президенти шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабахты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле Улуттук Олимпиада комитети менен Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды.
Шейх Ахмад аль-Фахад аль-Сабах Алмазбек Атамбаевди өлкөлөр ортосунда кызматташууну өнүктүрүү жана достукту чыңдоо ишине өбөлгө болгон I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

