Бишкекте учурда 107 көп кабаттуу үй курулуп жатканы айтылды
Бишкек шаарында учурда 107 көп кабаттуу үй курулууда. Муну 16-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов билдирди. Анын билдиришинче, курулуп жаткан үйлөрдүн жалпы аянты миллион чарчы метрден ашык. "Биз курулуш компаниялары үчүн салык төлөөнүн бирдей суммасын коюп берүүнү сунуш кылганбыз. Бул курулуштун чарчы метрине негизделет. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда жактырды. Депутаттар колдоп беришсе, бюджетке түшчү киреше өсөт",- деген Осмонов, бир жылда курулуш компанияларынан салык катары 1,5 миллиард сом түшөрүн билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

