super.kg logo
  Саясат  

Өспүрүмдөр үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга 58 миллион сом керектелет

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы отурумунда балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоору каралууда. Аталган маселе боюнча социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев баяндама жасоодо.

Министрдин айтымында, программанын максаты - балдар юстициясын эффективдүү өнүктүрүү. Долбоорду ишке ашырууга 58 миллион сом талап кылынат.

Депутат Ыргал Кадыралиева башка министрликтер да ушундай программа иштеп чыгышы керектигин айтты.

Жаштар министрлиги да ушул сыяктуу программа иштеп чыкса болмок. Канчалаган мигранттар "кара тизмеден" чыга албай жүрүшөт, канчасы жумушсуз калды. Ошон үчүн башка министрликтерге да ушундай программа керек. Баары эле "эртең кетип калам" деп мындай олуттуу иштерди жасашпайт”,- деди Кадыралиева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: