super.kg logo

Бүгүн Бишкектеги Улуттук китепкананын 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди (фоторепортаж)

 
Иш-чарада алып баруучулук милдетти КРнын Эл артисти Темирлан Сманбеков аркалады.
Салтанаттуу иш-чарага катышкан ардагер китепканачылар.
Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова.
Иш-чарага катышкан инсандар.
Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев.
КРнын Экономика министри Темир Сариев.
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бөдөш Мамырова.
Белек тапшыруу учурунан.
Салтанаттын катышуучуларына концерт тартууланды.
"Ак марал" бий ансамбли.
КРнын Эл артисти Саламат Садыкова.

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Улуттук китепканасынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Аземге Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Президентинин аппаратынын жана өкмөттүн өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, КМШнын жана түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук китепканаларынын жетекчилери, китепкананын ардагерлери, аймактардагы жана Бишкек шаарындагы китепканалардын өкүлдөрү, окурмандар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана кеңири коомчулук катышты. Алар китепкананын мааракеси менен куттуктап белектерин тапшырышты. Салтанатка келгендер филармониянын чыгармачыл тобу даярдаган концертке күбө болушту.

Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев: “Китеп аң-сезимдин калыптануусуна чоң өбөлгө түзөт. Интернет китептей акыл бере албайт. Ошондуктан, ата-энелер, балдарыңарды китеп окуганга үйрөткүлө. Ошондой эле айтып кетерим, кийинки жылы залкар акыныбыз Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата аталган китепканага ойлонбостон туруп анын ысымын ыйгаруу зарыл”,- деди. 

Аталган китепкананын директору Жылдыз Бакашова: “Бүгүнкү күндө китепкананын фонду дүйнө элдеринин 90 тилиндеги 6 миллионго жакын басылмалардан турат. Китепкана иштей баштагандан бери 20 миллион окурманга 120 миллион ар түрдүү басылмаларды берип келген. Улуттук китепкана өзүнүн негизги ишин аткаруу менен акыркы он жылдыкта Евразия регионундагы алдынкы китепканалардын бири болуп калды. Китепканалык коомчулуктун дүйнөлүк маданиятты өнүктүрүүгө, Эл аралык китепканалар уюмунун ишине кошкон салымын баалоосу буга далил болот”,- дейт. 

КРнын Улуттук китепканасы – Борбордук Азиядагы эң чоң китепканалардын бири, уникалдуу мамлекеттик маданий, илимий, билим берүүчү мекеме. Улуттук китепкана уюштурулган 1934-жылдын 10-майынан тартып өлкөбүздүн элдеринин маданий мурастарын жана каада-салттарын сактоо, жалпы адамзаттык билимдерди өнүктүрүү ишинде чоң жолду басып өттү.

17-18-сентябрда Ысык-Көлдө Улуттук китепкананын мааракесинин алкагында “Евразиянын Китепканалар ассамблеясы” коммерциялык эмес өнөктөштүгүнүн 16-жалпы чогулушу болот. Ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук китепканаларынын директорлорунун жыйыны өткөрүлөт. “Улуттук китепканалардын Евразиядагы маданий-гуманитардык мейкиндикти чыңдоодогу жана кеңейтүүдөгү ролу” деген тегерек стол уюштурулат. Анда шериктештиктеги өлкөлөрдүн китепкана иштеринде мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун, маданий-тарыхый мурастарды сактоонун жана аларды санариптик технологиялардын негизинде пайдалануунун, китепканалардын жана китепканалык кесиптик бирикмелердин өз ара байланыштарынын маселелери талкууланат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: