super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев Эгемендүүлүк майрамында гимндин 2 эмес, 3 куплети ырдалганын сынга алды

 
Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту жокко чыгаруу маселеси каралууда. Мыктыбек Абдылдаев демилге ишке ашарына ишенбей турганын билдирди. Депутат мамлекеттик гимнди мисал кылды. 
"Эгемендүүлүк майрамында гимндин 2 эмес, 3 куплети ырдалды. А биз эки гана куплет ырдалышы керектигин айтып, токтом кабыл алганбыз. Гимнди токтомго шайкеш келтире албай жатабыз, а бул мыйзам долбоорунда 4 миллион жарандын паспорту жөнүндө сөз болууда",- деди Абдылдаев. 
Эскерте кетсек, гимндин бир куплетинде орунсуз сөздөр бар экенин айтышып, депутаттар 2012-жылдын декабрында гимндин 2-куплетин мындан ары колдонбоо чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, гимндин "досторуна даяр дилин берүүгө", "бейкут" деген сөздөрү бар куплети ырдалбай турган болгон. Бирок 31-август - Эгемендүүлүк майрамында 3 куплет ырдалганын депутат Абдылдаев байкап калыптыр.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: