super.kg logo

Кыргыздын белгилүү композитору Тарас Асанакунов дүйнө салды

 

Бүгүн, 24-январда белгилүү композитор Тарас Асанакунов 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Бул тууралуу эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева билдирди. 

Белгилей кетсек, Тарас Асанакунов кыргыз эстрадасына чоң салым кошкон инсандардын бири. Ал 1989-90-жылдары көптөгөн хит ырларды жараткан. "Роза гүлү", "Ак куу белең, айперим", "Тоо булагым - арманым", “Кыздын сыры”, "Арген" жана башка элге белгилүү ырлардын обондору ушул инсанга таандык. Ал 35 жылдык чыгармачылык өмүрүндө элүүгө жакын обондуу ырларды жаратты. Асанакунов Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектептен флейта аспабы жана классикалык музыка боюнча таалим алып, билимин Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан өркүндөткөн. Тарас Асанакуновдун үй-бүлөсүнө Асан Жакшылыков, Сүйүнбай Эралиев, Атантай Акбаров, Дарика Жалгасынова, Анатай Өмүрканов, Айчүрөк Иманалева, Гүлнур Сатылганова, Аскар Карыбаев, Бек Борбиев, Расул Маматкулов, Чолпон Алсейитова, Сардарбек Жумалиев, Роза Аманова, Анарбек Ибраев, Турусбек Жумалиев жана башка композитордун кесиптештери жана акындар көңүл айтышат. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 25-январда саат 10:00дө болот. Композитордун артында 4 баласы жана жубайы калды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: