super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарын кеңейтүү боюнча шаардык кеңештин депутаттары маселе көтөрүштү

 
Бүгүн, 17-сентябрда Ош шаардык кеңешинин жыйынында Ош шаарын кеңейтүү боюнча чараларды көрүү сунушун депутат Каныбек Исаков киргизип: "Президент Алмазбек Атамбаев шаарларды кеңейтүү сунушун киргизди эле. Биздин шаарда ушул боюнча кандай иш-аракет көрүлүп жатат? Эгер аракет жүрбөй жаткан болсо, ушул багытта иш алып барууну сунуштайм",- деди.
Бул боюнча вице-мэр Замирбек Аскаров Кара-Суу районунун администрациясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып: "Кара-Суу райондук администрациясы менен сүйлөштүк, алар өз кызыкчылыгын айтышса, биз да өз кызыкчылыгыбызды кошуп өкмөткө сунуш жөнөткөнү жатабыз. Жакынкы күндөрү бул маселе чечилет",- деди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: