super.kg logo

Бишкекте кыргыздын "Ийин бий", "Сынма", "Талма", "Жалын бий", "Шалкылдама" бийлери боюнча "Бий мелдеш" аттуу сынак өткөрүлөт

 

Эртең, 18-сентябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде бийчилер, көрүнүктүү маданият ишмерлери, эстрада ырчы, журналисттер жана активисттердин катышуусунда “Бий мелдеш” аттуу сынак өткөрүлөт.

Анда “Кыргыз эл бийи” сынагына катышып жаткан топтор өз ара тар чөйрөдө жарышуу менен даярдыгын көрсөтүшөт. “Бий батлга” кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы, “Санжыра”, ”Жаз”, ”Назик”, “Эксклюзив”, “Кара жорго №1”, “Салимар” жана башка белгилүү бий топтору жана кыргыз бийине кызыккан бийчилер катышат. 

Максаты - кыргызда “Кара жорго” бийинен сырткары "Ийин бий", "Сынма", "Талма", "Жалын бий", "Шалкылдама", "Так теке" өндүү жыйырмадан ашуун бий бар экенин элге жеткирүү менен кыргыз бий маданиятын жаштарга жайылтуу.

Жеңүүчүлөрдү көрүүчүлөр жана калыстар аныктайт. Мыкты бий чеберлерине планшеттер ыйгарылат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: