Парламентте үлпөт тойлоруна чыккан унаалардын санын кыскартуу маселеси кайра көтөрүлдү
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында үлпөт тойлоруна чыккан унаалардын санын кыскартуу маселеси кайра көтөрүлдү. Демилгечи депутат Төрөбай Зулпукаров үлпөт тойлорго 10-15 унаа чыгып алып, жолдун баарын ээлеп башка жарандарга тоскоолдук жаратып жатышканын айтты.
“Биз муну менен эч кандай бирөөнүн укугун тепселеген болбойбуз. Тескерисинче, кырсыктын алдын алып жатабыз. Азыр жергиликтүү кеңештин депутаттары тойго чыккан унаалардын саны бештен ашпасын деп талап коюшту”,- деди Зулпукаров.
Муну колдогон депутат Курманбай Абдиев талапты катуу коюу керектигин айтып: "Биз айтып эле жатабыз, бирок эч аткарылган жок",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

