Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, Жунусовдун аталган кызматка талапкерлигин өткөн аптада парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети жактырган эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Ибрагим Жунусов:
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.
1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент болгон. Ал эми 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик уинверситетинин биринчи проректору болгон.
2007-жылы “Ак жол” партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ал эми 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
2010-жылы болсо “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча Вице-премьер-министри болуп эмгектенген.
Ал эми 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын Маданият жана туризм министри болуп дайындалып, 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

