Депутат Урмат Аманбаева "Кыргызстанга чет өлкөдөн жылына 1 миллиард сомдук дары алынып келинет" дейт
ЖКнын 24-январдагы жыйынында депутат Урмат Аманбаева Кыргызстанда 3 миӊге жакын дарыкана бар экенин айтып, алардан түшкөн акчалар дайынсыз жок болуп жатканын белгиледи. "Бюджетте акча жетишпейт деп жатабыз. Бирок дары-дармек жана медициналык техникалар боюнча мамлекеттик департамент, 3 миӊге жакын дарыкана бар. Алардан түшкөн каражаттар кайда кетип жатат? Бул боюнча комиссия дагы түзүлгөн, бирок ишинин жыйынтыгы чыга элек" деди. Депутаттын айтымында Кыргызстанга чет өлкөдөн жылына 1 миллиард сомдук дары-дармектер келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:18
2026-02-15
18:43
2026-02-14
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















