super.kg logo
  Саясат  

Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди өз-өзүнчө шайлоо тартиби четке кагылганы айтылды

 

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов "Парламент" радиосунда маек берип жатып буга чейин "Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди жалпы тизме менен шайлоо керекпи же ар бирин өз-өзүнчө шайлоо туурабы?" деген суроо туулуп келгенин билдирди. “Бирок талапкерлерди өз-өзүнчө шайлоо тартиби Конституция талаптарына каршы келгендиктен, ал четке кагылды”,- дейт ал.

Туманов Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди кароо жүрүшүндө мыйзам бузуу белгилери орун алса, анда 24 талапкердин баары артка кайтарыла турганын айтты.

Андан сырткары депутат кеңештин мүчөлүгүнө талапкер көрсөтүү жүрүмүндө жаран өзүн өзү көрсөтө албастыгына да токтолду. Талапкерди сөзсүз түрдө кайсы бир уюм көрсөтөт. Өтө жооптуу милдет тагыла турган талапкер коомчулукка кандайдыр бир деңгээлде белгилүү адам болушу талапка ылайык келет,- деп кошумчалады Туманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: