super.kg logo
  Саясат  

"Ишкерлер Бажы биримдиги боюнча бардык кызыккан суроолоруна жооп алууга тийиш" деди Жоомарт Оторбаев

 

Бүгүн, 17-сентябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү. Жыйында каралган маселелердин бири Бажы биримдиги рыногуна товарлардын жеткиликтүүлүгү болду. Тактап айтканда, техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча ата мекендик товар өндүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.

“Мындан ары да Бажы биримдигинин техникалык регламенти боюнча ата мекендик ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү зарыл. Ишкерлер Бажы биримдигине кирүүгө байланыштуу бардык кызыккан суроолоруна жооп алууга тийиш. Буга байланыштуу бизнес-коомчулуктун өзү да активдүүлүк көрсөтүүсүн жана тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар жана тренингдерди өткөрүүнү сунуштайм”,- деди Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: