Аба ырайы, 18-сентябрь: Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт

18-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +15°C
Талас облусу. Күндүз +27°C, түнкүсүн +8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +31°C, түнкүсүн +18°C
Баткен облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +12°C
Нарын облусу. Күндүз +26°C, түнкүсүн +8°C
Бишкек шаары. Күндүз +29°C, түнкүсүн +14°C
Эскертүү!
18-20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. 18-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 19-сентябрда көпчүлүк аймактарда, 20-сентябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. 19-сентябрда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.