Жылнаама, 18-сентябрь: Мындан 5 жыл мурун СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон

* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда жүргүнчүлөрдү ташуучу КАвЗ автобусу кырсыкка учурап, автобуста болгон 26 жүргүнчүнүн 19у каза болгон (айдоочу жана анын жардамчысы да бар). Каза болгондордун төртөө жаш балдар. Автобус 25-30 метр бийиктиктеги жолдон сайга кулап түшкөн.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда туулган. 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганда Кыргызстандан чакырылган 363 миң жарандын ичинде 19 жаштагы Дайыр Асанов да кандуу согушка аттанган. 1943-жылдын мартында Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллериялык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгылашкан. Дайыр Асанов 8 танкты, 6 бронемашинаны жана 40тан ашуун автоматчыны жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, 1943-жылдын 26-октябрында ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Ал тарыхый Сталинград салгылашуусуна да катышкан.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Орусия эстрадасынын жылдызы Алла Пугачёва менен белгилүү телеалпаруучу Максим Галкин эгиз балалуу болушкан. Эгиз ымыркайга Британия падышачылыгынын урматына Гарри жана Лиза деген ысым ыйгарылган.
18-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.