super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралды

 

Өкмөттө 17-сентябрда Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында Курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Руслан Тагаевдин айтымында, стратегияда курулуш тармагын өнүктүрүүнүн негизги жана келечектүү багыттары аныкталган.

Бет ачарда курулуш тармагындагы уруксат тутумун жөнөкөйлөштүрүү, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекция ишинин так регламентин киргизүү, инженердик-техникалык тармактарга кошулуунун техникалык шартын жана тартибин сунуштоо эрежелерине түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу сөз жүрдү. Жыйынтыгында премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкөдө курулуш тармагын өнүктүрүүнү жөнгө салуучу документтин көп жылдар бою орун албагандыгы тармактын баш аламан өнүгүүсүнө шарт түзгөнүн айтты.

"Учурда Бишкек шаарында курулуш күч алууда. Жакын арада ушундай эле көрүнүш Ош шаарында орун алгандыгына күбө болушубуз мүмкүн. Ошондуктан абдан олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл, ал өз кезегинде инвестицияларды тартууга жагымдуу шарт түзөт. Эсептөөлөр азыркы кезге чейин рубль жана эскирген курулуш ченем жана эрежелер боюнча жүргүзүлүүдө. Ошондой эле энергияны үнөмдөө стандарттары жок",- деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: