super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Кыргызстандын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери" аттуу семинар өтөт

 

Бишкекте 19-сентябрда "Кыргызстандын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери" аттуу семинар өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чара КРнын Жогорку Соту, мекеменин алдындагы Судьяларды окутуу борбору жана ЮСАИДдин сот тутумун бекемдөө боюнча программасы менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Семинардын окутуучулары – Жогорку Соттун судьясы Сатыбалдиева Нургүл, Жогорку Соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын ишин камсыздоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ахметова Айнура, Судьяларды окутуу борборунун бөлүм башчысы Оморова Майрам, ЮСАИДдин Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча программасынын аймактык директору Фред Хьюстон, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын улук адиси Абдыжапар уулу Мундузбек, «Transparency International» улуттук бөлүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Шаршенбаев Адылбек.

Иш-чарага соттор, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын, Сот департаментинин жана Судьяларды окутуу борборунун аппаратынын мамлекеттик кызматкерлери катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: