Жоомарт Оторбаев: "Таңсыктыкты жабуу үчүн гидроэнергетикага альтернативдүү булактар табылды"
“Таңсыктыкты жабуу максатында гидроэнергетикага альтернативдүү булактар тандалып алынды”,- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында. Анын айтымында, каралып жаткан мезгил аралыгында электр энергиясы жаатында 2,3 миллиард киловатт-саат көлөмүндө таңсыктык боло тургандыктан, гидроэнергетикага альтернативдүү булактар - көмүр жана газ тандалып алынды. “Ушу тапта калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн анын көлөмү менен баасы такталып, жер-жерлерде атайын базалар ачылды. Мындай чаралар көмүр баасынын кескин өсүп кетүүсүнө бөгөт болот деген ойдобуз”,- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

