super.kg logo

Кубатбек Боронов: “Акыркы жылдары Борбор Азияда чоң табигый кырсыктар болбосо да, тарыхтагы ири кырсыктарды унутпашыбыз керек”

 

Бүгүн, 18-сентябрда “Борбор Азия+Япония” диалогунун алкагында өтүп жаткан өзгөчө кырдаалдар министрлеринин жыйынында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: “Акыркы 10 жылдын ичинде Борбор Азияда чоң табигый кырсыктар орун албаса да, тарыхта болгон ири кырсыктарды унутпашыбыз керек”,- деп билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азиянын жалпы аянты болжол менен 4 миллион чарчы метр, ал эми калктын саны 70 миллион адамга жетет. “Борбор Азияда тоолуу аймактар да, талаалар да бар. Тоолуу жерлерде жер титирөөлөр жана селдер көп болот. Жүргүзүлүп өткөн анализдерге таянсак, Борбор Азияда табигый кырсыктардын болушу коркунуч жаратууда. Ошондуктан бүгүнкү иш-чарага катышып жаткандар биргеликте кырсыктарды изилдөө жана алдын алуу боюнча иш жүргүзүшүбүз керек”,- деди министр.

Мындан тышкары ал бул багытта иштөөдө аймактык платформаны жана эксперттик топту түзүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: