Депутаттар “Ширшовдун кеткенине 5 жыл болду, бирок анын схемасы дагы эле иштеп жатат” дешти
Парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров: “Ширшовдун кеткенине 5 жыл болду, бирок анын схемасы дагы эле иштеп жатат. Муну токтоткула”,- деп билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгы угулууда. Депутаттын айтымында, ГЭСтерде топтолгон суу дагы деле сатылып жатат. “2010-жылы Токтогул ГЭСинде топтолгон суунун көлөмү 10,5 миллиард куб метр болгон. Бүгүн ал суу жок. Ширшовдун схемасын токтоткула”,- дейт Кочкоров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

