"Кыргызстанда быйыл тоют тартыштыгы болбойт" деди өкмөт өкүлү
Кыргызстанда быйыл тоют тартыштыгы болбойт, анткени бүгүнкү күнгө карата фермерлер малдарына керектүү тоютту камдап алышты. Муну парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, учурда бир түк чөптүн баасы 200-250 сом болууда. "Элдин көпчүлүгү тоюттарды камдап алышты. Айрым жерлерде чөп өтпөй, жарандардын үйлөрүнө сатуучулар өздөрү жеткирип беришүүдө. Быйыл тоют тартыштыгы болбойт. Жарандар кышында колунда бар тоютту, жакынкы жана орто алыстыктагы жайыттарды пайдаланышат",- деди Керималиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Төрага Асылбек Жээнбеков жайыттарды пайдалануу боюнча "Кышында кар көп жаап койсочу?" деп суроо берип, кайра ага өзү жооп берди. "Кудай сактасын андан" дейт спикер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

