super.kg logo

"Кыргызстандын генофонду: комплекстүү изилдөө” аттуу китептин 8-тому жарык көрдү

 

Бүгүн, 18-сентябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги К.Койчуевдин “Суверендүү Кыргызстандын коомдук өнүгүүсүндөгү проблемалары боюнча Улуттук илимдер академиясынын басылма сериясы” деген илимий эмгектеринин уландысы болгон Кыргызстандын генофонду: комплекстүү изилдөө” аттуу китебинин 8-томунун бет ачары өткөрүлдү.

КРнын Улуттук илимдер академиясы билдиргендей, өлкөдө калктын генофонду илимий жана башка аспектилери жагынан тийиштүү мекемелердин көңүл чордонунда болуп келген жана болууда. Бирок бул проблемалар улуттук деңгээлге чейин көтөрүлбөй келет. Мына ошого байланыштуу генофонддун проблемаларына көңүл бөлүү илимий да, практикалык да планда абдан актуалдуу болууда. Аталган монографиянын авторлору генофонддун проблемаларын чечүүдө биргелешкен чыгармачыл жолдорду демилгелегенге умтулууда.

“Генофондду жакшыртууда эң негизги маселе – жакырлыкты жеңүү, эне менен баланын өлүмүн азайтуу, СПИДге каршы күрөшүү. Бул китеп улуттун генофондуна дагы да көңүл бурдурат деген үмүт бар”,- дейт медицина илиминин доктору Гүлнара Бейшенбиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: