super.kg logo
  Саясат  

Элмира Жумалиева: "Ширшовдун схемасы менен күрөшөбүз" деген шылтоо менен тажрыйбалуу адистер иштен кетишүүдө”

 

Түндүк электр ишканасы РЭСтерди бири-бирине кошуп, кадрларды баш аламан алмаштыра баштады”,- деп билдирди депутат Элмира Жумалиева 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Бул боюнча депутат Талас облусун мисал келтирди. Талас аймагында РЭСтерди бири-бирине кошуп, кадрларды баш аламан алмаштыра баштады. Алар деле адам да, ишсиз калган адистердин үй-бүлөсүн ким багат? Министрлик мындай баш аламан кайра курумдарды тезинен тартипке салышы керек. Жүргүзүлгөн реформалар натыйжалуу болууга тийиш,- деди Жумалиева.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: Түндүк электр" ишканасында кайра курумдар жүргүзүлүп, 20га жакын жетекчи менен адистер иштен бошотулду. Анын натыйжасында техникалык жоготуулар 20 пайыздан 14,5 пайызга чейин төмөндөдү”,- деп жооп кылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: