super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда көз карандысыз тариф департаменти түзүлөт

 

Кыргызстанда көз карандысыз тариф департаменти түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат Сабиров “Газдын баасы ылдыйлай тургандыгы айтылды. Анын негизинде ысык суу менен жылытуунун баасы төмөндөйбү?” деп суроо берди. Кабыл алынган мыйзамдын негизинде өзүнчө көз карандысыз тарифтик департамент түзүлөт, ал кандай тарифтерди койсо, биз ошол тарифтерди коюшубуз керек”,- деди Оторбаев. Ал аталган департамент ысык суу менен жылытууга коюлган тарифтерди кайра кароо чечимин кабыл алса, кайра карала тургандыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: