“Быйыл кышында электр энергиясын чектен ашыкча пайдаланса, аймактар жарыксыз калат” деди энергетика министри
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “колдонуучулар электр энергиясын чектен ашыкча пайдаланса, өлкө кышында жарыксыз калат” деп билдирди. Муну министр 18-сентябрда парламент жыйынында айтты. Анын билдиришинче, электр энергиясына коюлган чектен ашыкча пайдаланган аймактарга жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. “Биз 2,3 миллиард киловатт-саат электр энергиясына муктаж болуп жатабыз. Эгерде киргизилген чек сакталбай лимиттен ашыкча пайдаланылып кетсе, керектөөчүлөрдүн жарыгын өчүрүүгө мажбур болобуз. Ошон үчүн ар бир район лимитти сакташы керек. Биздин пландар ушундай болуп жатат”,- деди Артыкбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

