super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга өтө албай чек арада турган күйүүчү май жүктөлгөн 500 вагон боюнча Казакстанда иш козголгонун айтты өкмөт башчы

 
Кыргызстанга өтө албай кыргыз-казак чек арасында турган күйүүчү май жүктөлгөн 500 вагон боюнча Казакстанда кылмыш иши козголду. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 18-сентябрдагы парламент жыйынында айтты. Премьер бул маселе азырынча чечиле электигин билдирди. "Казакстандын Башкы прокуратурасы бул факт боюнча иш козгогон, тергөө жүрүп жатат. Бирок бул вагондордон башка жүктөр өтүүдө. Кыргызстанда учурда күйүүчү майдын тартыштыгы жок",- деди Оторбаев. 
Премьер-министр өлкөгө 1000 метр кубун 165 доллардан газ алуу маселеси толук чечилгенин айтты. "Орусия Казакстандын түндүгүнө газ берет, алмашуу ыкмасы аркылуу Казакстандан биздин өлкөгө газ бермей болду",- деди ал. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: