super.kg logo
  Саясат  

Депутат айрым фирмалар министрликтен электр кубатын 27-35 тыйындан сатып алып, элге 145 тыйындан сатып келгенин айтты

 

Мамлекеттен электр кубатын алып саткан 17 жеке менчик фирма бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Майрамкүл Тиленчиева айтып чыкты. Анын айтымында, фирмалар министрликтен электр кубатын 27-35 тыйындан сатып алып, элге 145 тыйындан сатып келет.

Мамлекеттен электр кубатын алып саткан 17 жеке менчик фирма бар экен. Мисалы, Электросила деген фирма электр кубатын мамлекеттен 27-35 тыйындан алып, калкка 145 тыйындан сатат экен. Кызматкерлери айына 25 миң сомдон маяна, ага кошумча премия алат экен. Ушул жылдын апрель айында эле 4 жолу премия алганын маалымат каражаттары жазып жатат. Элдин эсебинен байыган мындай алып сатар ортомчулар болбошу керек”,- деди Тиленчиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: